Илим министринин орун басары Айбек Чотонов билим жана илим кесиптик бирлигинин форумуна катышты
21 — 22-августта Ысык-Көлдө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум болуп өттү.
Ага, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Айбек Чотонов катышты.
Иш-чарага Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжандын делегациялары катышты. Ошондой эле Кыргызстандан министрликтердин өкүлдөрү, Кесиптик бирликтер федерациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, кесиптик бирлик кыймылынын ардагерлери жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген кесиптик бирлик уюмунун лидерлери менен активисттер катышууда.
Форумда пленардык жыйындар, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Түркиянын кесиптик бирлик уюмдары менен кызматташтык боюнча меморандумдарга кол коюу салтанаттары, тематикалык тегерек столдор жана тажрыйба алмашуу секциялары камтылган.
Форумдун максаттары жана милдеттери:
• Билим жана илим тармагындагы эл аралык кесиптик бирлик кызматташтыгын чыңдоо;
• Билим кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү;
• Кесиптик өсүү, квалификацияны жогорулатуу жана социалдык коргоо багытында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү;
• 100 жылдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарып, келечектеги стратегиялык багыттарды аныктоо.
Кесиптик бирлик 1925-жылы негизделген. Азыркы учурда республика боюнча 3 997 баштапкы кесиптик бирликтин уюмдары иштеп жатат, баштапкы уюмдардын ичинен жалпы мүчөлөрдүн саны 170 579 адамды түзөт; алардын ичинде 13 656 студент жана окуучу кесиптик бирлик кыймылына тартылган. Кесиптик бирликтин катарында жалпысынан 184 235 мүчө бар.
Бүгүнкү күндө кесиптик бирлик бир катар эл аралык байланыштарды активдүү өнүктүрүп, жыл сайын миңдеген арыз ээлеринин укуктарын коргоого жардам берип келет.
