
Окуу жылынын башталышы: борбордо координациялык кеңеш
2024-2025-жылдары 232 жалпы билим берүүчү мекеме, анын ичинде 121 мектеп жана 111 бала бакча иштейт.
228 миң окуучу билим алып, анын ичинен 20 миң 780 окуучу биринчи класска барышат.
Бардык билим берүү мекемелери канцелярдык, тиричилик буюмдары жана медициналык буюмдар менен камсыз болуп, коопсуздук да уюштурулган.
232 участоктун ичинен 141 участокто мектептердин жанындагы жол сызыктарын чийүү иштери бүткөрүлүп, Транспорт жана жол- транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына ишти тездетүү тапшырмасы берилди.