Алты жашар баланы мектеп партасына отургузса болобу? Билим берүү министрлигинин жообу
9 сентябрь

Алты жашар баланы мектеп партасына отургузса болобу? Билим берүү министрлигинин жообу

Баланы 6 жашынан мектеп партасына отургузса болот. Бул мүмкүн жана зарыл. Бала жаңы нерсени үйрөнүүгө үйрөнөт.

Жаңы биринчи класска кирген 6 жаштагы баланын окуу жүктөмү анын жаш өзгөчөлүгүнө жана жөндөмдүүлүгүнө жараша түзүлөт. Биринчи класстын окуучулары үчүн түзүлгөн программа ага жөнөкөй жана керектүү нерселерди үйрөтөт: дүйнө таануу, туура билим алуу, байкоо жүргүзүү, командада иштөөнү билүү. Биринчи класста бардык окуу негизинен оюн түрүндө уюштурулат. Бул өз кезегинде негизги окууга жылмакай өтүүнү камсыздар, стрессти азайтууга жана билим алууга болгон мотивацияны жогорулатууга өбөлгө түзөт.