1-класска электрондук каттоонун бүтүшүнө соңку үч күн калды
28 август

1-класска электрондук каттоонун бүтүшүнө соңку үч күн калды

Ушул тапта эң көп 1-класска Ош облусунда – 24 миң 459, Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана Баткен облусунда – 12 миң 110 бала катталды.

Учурда 30-августка чейин анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө. Балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.