Кыргызстандагы кесиптик билим берүү окуу жайларына көмүр жеткирүү 87% аткарылган
29 ноябрь

Кыргызстандагы кесиптик билим берүү окуу жайларына көмүр жеткирүү 87% аткарылган

Билим берүү министринин орун басары Абазбек уулу Расул республиканын кесиптик лицейлеринин директорлору менен онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйында окуу жайларынын жетекчилери күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Айтылган маалымат боюнча бүгүнкү күндө башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларына көмүр жеткирүү 87% (2501 тонна) аткарылган. Бардык пландаштырылган көмүрдү окуу жайларга жеткирүү 3041 тоннаны түзөт.

Министрдин орун басары көмүр даярдоо планын 2024-жылдын декабрына чейин аткарууну тапшырды.

Күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулагандан кийин Абазбек уулу Расул бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда:

  • күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгына дуалдык окутуу боюнча программаларга анализ жүргүзүү, 2024-жылдын декабрына карата дуалдык окутууну уюштуруу боюнча анализдин жыйынтыктары жөнүндө кеңешме өткөрүүнү пландаштыруу; окуу жайларынын директорлоруна бул багыттагы иштерди күчөтүү, дуалдык окутууга тартылган окуучулардын санын көбөйтүү;
  • күн тартибиндеги бешинчи маселе боюнча WorldSkills жумушчу кесиптеринин экинчи чемпионатына даярдыкты баштоо.