КОСУда Камкорчулар кеңешинин жыйыны өттү: 2025-жылдын жыйынтыктары жана келечекке багытталган стратегиялык өнөктөштүктөр
Бүгүн, 2026-жылдын 30-январында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин катышуусунда Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде Камкорчулар кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Аталган жыйынды Камкорчулар кеңешинин төрагасы К.Ташиев ачты. Катышуучулар КОСУнун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2026-жылга карата өнүгүүнүн негизги багыттарын аныкташты.
КОСУнун ректору Сергей Волков билим берүү, илимий жана инфраструктуралык чөйрөлөрдөгү негизги натыйжаларды, ошондой эле кампусту өнүктүрүү, аймактык филиалдарды ачуу, студенттик стартаптарды колдоо жана кыргыз-орус кесиптик даярдоо борборун түзүү боюнча пландар менен тааныштырды.
Жыйындын алкагында университеттин стратегиялык өнөктөштүгү кеңейтилди. Биргелешкен билим берүү жана инженердик долбоорлорду, анын ичинде гидроэнергетика боюнча долбоордук кеңсени өнүктүрүүнү караган "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Ошондой эле «Россия–Кыргыз кесиптик даярдоо борбору» долбоорунун алкагында ПАО «Киров заводу» боюнча профилдик билим берүү уюмдары менен келишимдер түзүлдү.
Жыйындын алкагында КОСУ менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен кызматташуу боюнча жол карталары бекитилди.
Мындан тышкары, Wildberries компаниясы (ЖЧК “ВБ КЕЙДЖИ”) менен меморандумга кол коюлду. Ал билим берүү программаларын өнүктүрүүгө, студенттердин санариптик жана ишкердик компетенцияларын калыптандырууга багытталган.
Кабыл алынган чечимдер КОСУнун билим берүү, илим жана реалдуу экономика секторун интеграциялоого багытталган узак мөөнөттүү өнүгүү моделине өтүшүн жана университеттин статуалдуулугун региондун алдыңкы билим берүү борборлорунун бири катары бекемдейт.
