Кыргызстанда окуучулар арасында улуттук олимпиада-2025 башталды
13 январь

Кыргызстанда окуучулар арасында улуттук олимпиада-2025 башталды

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары арасында математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча улуттук олимпиада өткөрүлөрүн жар салат.

Улуттук олимпиаданы уюштуруунун максаты зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, илимий-изилдөө иштерине кызыгууларын арттыруу жана математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо болуп саналат.

Улуттук олимпиада 4 этап менен өтөт.

  • I этап – январь. Онлайн режимде.
  • II этап – февраль. Онлайн режимде.
  • III этап – март. Офлайн режимде.
  • IV этап – апрель. Офлайн режимде.

Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык окуучулар катыша алышат. Ал үчүн окуучулар предметти тандап, таблицада көрсөтүлгөн тиешелүү шилтеме аркылуу 2025-жылдын 13-январынан 18-январына чейин электрондук каттоодон өтүүгө тийиш:

Эскертүү: Окуучулар бир нече предмет боюнча олимпиадага катышууга укуктуу.

Байланыш телефондору:

  • Информатика боюнча – Урайымов Кылычбек, тел.: +996 778 332 250
  • Математика боюнча – Ишматов Мамат, тел.: +996 990 011 555
  • Физика боюнча – Ажибаев Улукбек, тел.: +996 700 633 638
  • Химия боюнча – Тилебалдиев Чынгыз, тел.: +996 703 944 848
  • Биология боюнча – Тажибаев Эльбрус, тел.: + 996 704 771 063