Казакстанда ММЭМИнин филиалы ачылат
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Евразиялык мейкиндикте туруктуу өнүгүү жана коопсуздук” конференциясына катышты.
Өз сөзүндө ал дагы бир жолу геосаясий туруксуздуктун шарттарында дипломатиянын ролуна токтолуп, "позитивдүү күн тартибинин маанилүүлүгүн" белгиледи.
Андан соң мамлекет башчысы билим берүү тармагынын ролуна токтолду. Президенттин айтымына караганда дал ушул нерсе, Казакстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы көпүрө боло алат (Казакстан менен Россиянын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого көмөктөшөт).
Анын айтымына караганда, учурда Россияда казакстандык 60 миңден ашуун студент билим алууда.
"Азыркы тапта биздин өлкөдө россиялык жогорку окуу жайлардын филиалдары өз ишмердүүлүктөрүн ийгиликтүү жүргүзүүдө. Ошондой эле Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун филиалын ачуу пландалууда", — деди Токаев.