Баш байге батир. Бишкекте "Жыл мугалими" сынагы башталды
Бишкекте "Жыл мугалими" сынагы старт алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Сынак 5-октябрга чейин уланат.
Бул чоң байге коюлган жана мугалимдер масштабдуу түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак. Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен бир батирдин ачкычы тапшырылат.
Конкурстун максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү.
Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.