Оштун мэри бир катар мектептерди кыдырып, мугалим жана ата-энелер менен баарлашты
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы окуу жылынын алгачкы күнүндө бир катар билим берүү мекемелерине барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Киров мектебинин имаратынын алдына төшөлгөн асфальтты көрүп чыкты. Буга чейин мэр мектептин айланасын тартипке келтирип, окуучулар үчүн басуучу жолдорду асфальттоо тапшырмасын берген болчу.
Жеңишбек Токторбаев Фрунзе мектебинен да кабар алды. Бул билим уясынын айланасы мэрдин тапшырмасы менен окуу жылына карата мыйзамсыз курулуштардан бошотулуп, иретке келтирилип, асфальт басуу иштери жүргүзүлдү.
Шаар башчы кыдыруунун алкагында окуучуларды Билим күнү менен куттуктап, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушту.
