Александр Кацев: Окуу китептеринин жетишсиздигин оңой эле чечсе болот
19 сентябрь

Александр Кацев: Окуу китептеринин жетишсиздигин оңой эле чечсе болот

Бүгүн биз өткөн миң жылдыкта китептер кантип жетиштүү болгонун ойлонуп, баарыбыз эле окуу китептеринин кагаз вариантына басым жасап калдык. А балдар сабак учурунда телефондо ойноп жатышпайбы- мындан улам мектепте телефонду колдонууга тыюу салышат. Бирок эгер балдардын  телефондорун окуу китептеринин тексти менен толтуруп салсак, жетишпестик көйгөйү дароо чечилет. 

Гаджеттер көздүн көрүүсүн начарлатат деген болбогон кеп. Шрифттерди балдардын көрүүсүнө зыянын тийгизбегидей кылып өзгөртүш керек. Болбосо бүгүнкү күндө ар бир заманбап адам телефондон, гаджеттен китеп окуйт. Ошондуктан маселе жеңил чечилет. Мектеп китептин электрондук вариантын алат, аны гаджетке көчүрөт, болду, бул биринчиси. 

Экинчи - дагы бир маселе чечилет. Кенже класстардан тартып бардык окуучулар  окуу китептери салынган оор рюкзактарды көтөрүп омурткаларына доо кетирүүдөн кутулушат.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, учурда мамлекеттик мектептердин китепкана фондунда 11 миллион 816 миң 255 окуу китептери бар (же керектелүүчү көлөмдүн 68,5 пайызы). Анын үстүнө көпчүлүк окуу китептеринин сапаты ата-энелердин көңүлүнө да толбойт, заманбап талаптарга да жооп бербейт. Мектептен берилген китептер 15-20 жыл мурда басып чыгарылган, көп китептерди ата- энелер сатып беришет.