УКМКнын академиясына кабыл алуу 27-январда башталат. Кимдер тапшыра алат?
24 январь

УКМКнын академиясына кабыл алуу 27-январда башталат. Кимдер тапшыра алат?

2025-жылдын 27-январынан 27-февралына чейин ар бир шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясына, ошондой эле Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Академиясына кабыл алуу жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу, мекеме улуттук коопсуздук органдарынын кесипкөй кызматкерлерин даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга багытталган илимий-методикалык борбору бар жогорку аскердик окуу жайына өтүү үчүн зарыл талаптардын тизмесин жарыялайт.

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

  • 17 жаштан 21 жашка чейин;
  • бою 170 см жана андан жогору;
  • салмагы кеминде 60 кг;
  • толук орто билими жөнүндө аттестаттын же орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табелдин) орточо баллы 4,0 баллдан төмөн эмес;
  • соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да;
  • чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да;

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:

  • медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү;
  • дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
  • психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ тести);
  • полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;
  • кирүү экзамендерин тапшыруу.


Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

* Бишкек шаарынан төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Профсоюз көч., үй-104 “А”, тел.: 0 (312) 30-73-86;
* Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй;
* Ош шаары жана Ош облусу боюнча, дарек: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
* Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
* Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
* Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
* Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өт.т