Ош шаарындагы 700 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында
12 июнь

Ош шаарындагы 700 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында

Ош шаарынын Черемушка кичи районунда 700 окуучуга ылайыкташкан Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаңы имаратынын курулушу соңуна чыгып калды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет. 

"Сыртында футбол аянты, даараткана, тосмолор жана от кана жайгашкан. Мектеп бүтүү алдында турат. Буга чейин 20-июнга чейин курулушу аяктайт деп пландалган", – деди Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын көзөмөлчүсү Акылбек Акаев.

Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаты 700 орунга ылайыкташып, анын ичинен 500 окуучу үчүн жатып окуу шарты каралган.

Интернатта спорт залы, спорт аянтчалары, эс алуу багы, санитардык бөлүм жана бардык заманбап шарттар түзүлөт.