Ош: П.И. Чайковский атындагы балдардын искусство мектебине жаңы имарат курулат
29 январь

Ош: П.И. Чайковский атындагы балдардын искусство мектебине жаңы имарат курулат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев П.И. Чайковский атындагы балдардын искусство мектебине барды. Калаа башчы мектептин абалы менен таанышып, анда билим алган окуучулардан кабар алды.

Искусство мектебинин имаратына 120 жылдан ашуун убакыт болгон. Бир кылымдан ашык мезгилден бери пайдаланылып келе жаткан имараттын эскилиги жеткен. Ушундан улам шаар башчысы жаңы имарат куруу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге бул багытта иш алып барууну тапшырды.

Ошондой эле Жеңишбек Токторбаев аталган искусство мектебиндеги бир окуучуга комуз белек кылууну убадалады.