И. Раззаков атындагы КМТУ “Даңк” ордени менен сыйланды
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети “Даңк” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Президент Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасында техникалык билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө, квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы үчүн И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети “Даңк” ордени менен сыйланды", - деп айтылат маалыматта.