
Ош шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди
Ош шаарында №87 "Акылман" мамлекеттик бала бакчасы ачылды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Бала бакча 150 бөбөккө ылайыкташып, УКМК жана Чек ара кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн курулган.
Маалыматка ылайык, бакчанын ачылышына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев катышты.