Сүрөт ачык булактардан алынды
5 сентябрь
Кесиптик лицейлерде окуу жылы 15-сентябрда башталат
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында (кесиптик лицейлерде) 2026–2027-окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 3-июлунда аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.
Мындай чечим кесиптик башталгыч билим берүү деңгээлинде окуу жылынын оптималдуу узактыгын белгилөө жана окуу жүктөмүн сарамжалдуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Мында министрлер кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 591 токтому жана Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 01-06/129 сунуш-эсептөөлөрү эске алынды.
