2025-жылы Кыргызстанда 100 бала бакча ачылат
30 декабрь

2025-жылы Кыргызстанда 100 бала бакча ачылат

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында ведомствонун 2025-жылга карата пландары тууралуу айтып берди. 

Анын айтымына караганда, мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча иштер улантылат.

Анын ичинде, төмөнкүлөр пландалууда: 

  • Кыска мөөнөттүү 100 бала бакча ачуу; 
  • Иштеп жаткан 570 бала бакчаны трансформациялоо; 
  • Ваучердик каржылоо механизмин тестирлөө (аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 1000 баласына); 
  • Мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү; 
  • «Балалык» мектепке чейинки билим берүү программасын жаңылоо (3–5 жаштагы балдар үчүн); 
  • Мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн инструменттерин иштеп чыгуу.