Кыргызстанда мугалимдерге кандай үстөк төлөмдөр төлөнөт?
19 ноябрь

Кыргызстанда мугалимдерге кандай үстөк төлөмдөр төлөнөт?

2026-жылдын 1-апрелинен тартып өлкөдө мугалимдердин айлык акысы көбөйө турганын жакында президент Садыр Жапаров билдирди. Учурда мамлекеттик мекемелерде 87 миңдей мугалим иштесе, алардын орточо айлык акысы 26 миң сомдун тегерегинде.

КР Финансы министрлигинин бирдиктер жана маяналарды талдоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Карыпбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде бүгүнкү күндө мугалимдерге кандай үстөк төлөмдөр төлөнөрүн тизмеледи.

Айтымында, мугалимдердин айлык акы системасы кепилдик бөлүктөн турат, андан кийин стимул берүүчү бөлүк кетет. Андан тышкары, категориясына жараша 5, 3, 2 миң сомдон кошулат. Айыл жергесинде иштеген мугалимдерге 1800 сом үстөк төлөм каралган. Бийик тоолуу алыскы айылда иштегендерге өзүнчө райондук коэффициент бар жана алар дагы кошулат. Ошондой эле окуучусу олимпиадалык сынактан алдыңкы орундарды алган мугалимдердин айлыгына ай сайын үстөк төлөм кошулат. Ал эми эл аралык сынактарда алдыңкы орунга жеткен окуучуну даярдаган мугалимге бир жолу төлөнүүчү акчалай сыйлыктар да бар. Мындан башка педагогикалык стажга, дептерлерди текшерүүгө жана класс жетекчилик милдет үчүн дагы кошумча төлөмдөр белгиленет.

“Мисалы, бийик тоолуу аймактарда иштеген мугалимдерге 10 пайыздан 40 пайызга чейин үстөк акы кошулат. Андан сырткары бийик тоолуу шартта жашап жатканы үчүн компенсация каралат, мында дагы 40 пайыздан жогору акы каралат. Ошондо, стажы барлардын орточо айлык акысы азыр 38 299 сомду түзөт, бул  1 ставка менен иштеген – жумасына 18 саат сабак алып баргандарга тиешелүү, ал эми 1,5 ставка менен иштегендер 47 935 сом алышат. Айлык акы көбөйгөндөн кийин бул сумма 71 миң сомго чейин жетет. Максималдуу алганда, учурда 65 миң сом алып жаткандар 80 миң сомго чейин алып калышат”, – деди ал.

Карыпбаев белгилегендей, айлык акы көтөрүлгөндө базалык ставка коэффициентке көбөйтүү менен өлчөмү такталат. Демек, мында коэффициент көбөйтүлөт.