Билим берүү министрлиги окуучулардын өлүмүнө байланыштуу фактыларды объективдүү териштирүүнү талап кылды
14 февраль

Билим берүү министрлиги окуучулардын өлүмүнө байланыштуу фактыларды объективдүү териштирүүнү талап кылды

Соңку убактарда өспүрүм курактагы мектеп окуучуларынын өмүрү кыйылган фактылар катталууда. Ар бир факт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан тергелүүдө.

Ошону менен катар Билим берүү жана илим министрлиги да өз компетенциясынын чегинде ар бир факт боюнча тергөө амалдарын жана кызматтык териштирүүлөрдү объективдүү жүргүзүүнү, өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, кылмыштуу окуялардын алдын алууну, балдарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурууну тиешелүү органдардан жана мекеме-уюмдардан талап кылууда.

Жергиликтүү бийлик органдарынан алынган маалыматтар боюнча Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылындагы № 39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу каза болгондон кийин Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, № 39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин директору кызмат ордунан бошотулду. Ошондой эле аталган мектептин директорунун орун басары, социалдык педагогу, 11-класстын класс жетекчиси жана 9-класстын класс жетекчиси иштен четтетилди.

Ал эми Бишкек шаарындагы № 72 мектептин 8-классынын окуучусу каза болгондон кийин аталган мектептин директору менен 8-класстын класс жетекчиси кызмат ордунан бошотулуп, директордун тарбия иштери боюнча орун басары менен социалдык педагогу иштен четтетилди.

Министрликке берилген маалыматтар боюнча кызмат ордунан бошотуулар жана иштен четтетүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылган.