Билим берүү министрлиги окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин бекитти
Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, ага ылайык окуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чаралар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын (социалдык жана билим берүү чөйрөлөрү боюнча) макулдугу жана Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт.
Жергиликтүү деңгээлде өткөрүлүүчү иш-чаралар БИМдин аймактык түзүмүнүн уруксаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын макулдугу менен өткөрүлөт.
Иш-чараны пландоодо окуучулардын ден соолугуна, өмүрүнө, психикасына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган тобокелдиктер аныкталган учурда иш-чаранын маанилүүлүгүнө карабастан иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынат.
Иш-чараны өткөрүү үчүн жалпы жоопкерчилик уюштуруучуларга жүктөлүп, уюштурууда Тартипти жана талаптарды бузган адамдар тартиптик, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.