ОшМУда “Студенттик практика жана каржылык өнүгүү” борбору ачылды
Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда “Студенттик практика жана каржылык өнүгүү” борбору ачылды.
Ага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, “Финка Банктын” Оштогу филиалынын директору Улан Айткурманов, окутуучулар жана студенттер катышты.
Бул жайдан студенттер теориялык жана практикалык негизде билим алышат. Ошондой эле банк системасын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Ачылыш аземде ректор Кудайберди Кожобеков буларга токтолду:
“Бул окуу жай менен өндүрүштү айкалыштыруу аракеттеринин башталышы гана. Студенттердин практикадан өтүп, ишке даяр болуусуна чоң стимул болот деп ишенем. Келечекте башка банктар менен да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырабыз".