Кара-Көл шаарынын мугалимдерине жаңы ноутбуктар тапшырылды
Кара-Көл шаарынын мугалимдерине жаңы ноутбуктар тапшырылды, деп билдирет Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарында билим берүү тармагынын кызматкерлеринин август педагогикалык кеңешмеси болуп өттү.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кара-Көл шаарынын мэри Н. Орозбаев, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Ч. Кимсанов жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар катышты.
Кеңешменин катышуучуларына шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира 2024-2025-окуу жылындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берди.
Ал эми Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин жетекчиси Т. Орозова 12 жылдык билим берүүдө инсанга багыттап окутуу жана мугалимдин ролу жөнүндө баяндама жасады.
Иш-чаранын алкагында STEM багытында сабак берген 77 мугалимге “Алтын Казык” бренди менен тааныла баштаган ата мекендик ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.
