22-23-ноябрда Кыргызстанда окуучулардын ыктыярдуу тестирлөөсү өтөт
Ушул жылдын 22-23-ноябрында Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарынын 9-, 10- жана 11-класстардын окуучуларына ыктыярдуу негизде республикалык тестирлөө өткөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлайт.
Тестирлөөдө окуучуларга үч предметти тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Тестти өткөрүү окуучунун окутуу тилинде (кыргыз же орус тилдеринде) жүргүзүлүп, жалпы убакыт 3 саат 30 мүнөттү түзөт.
Тестирлөөнүн негизги максаттары – окуучулардын жетишкендиктерин көзкарандысыз баалоо, аттестацияга жана экзамендерге даярдоо, мектептеги баалоо ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана тесттик материалдар менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу.
Тестирлөө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
