Кыргызпатенттин окутуу сектору Агрардык университетте
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын талабы боюнча КУАУнун инженердик-технологиялык факультетинин 1 жана 3-курстарынын студенттери үчүн конок лекциясы өткөрүлдү.
Курамы 40 адамдан турган жогоруда аталган курстардын студенттери интеллектуалдык менчик системасы, интеллектуалдык менчиктин объектилерин коргоо мөөнөттөрү, интеллектуалдык менчиктин субъекттерин жана объектилерин коргоо шарттары боюнча баштапкы билимдерди алышты. Ошондой эле Кыргызпатент тарабынан ЖОЖдор арасында белгиленген тартипте жаш авторлорду жана ойлоп табуучуларды кызматташтыкка тартуу максатында жүргүзүлүп жаткан маалыматтык-окутуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Лекциянын аягында КУАУнун инженердик-технологиялык факультетинин профессордук-окутуучулук курамы Кыргызпатент менен интеллектуалдык менчик жаатында биргелешкен семинарларды, тренингдерди жана тегерек столдорду өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.