Агартуу министри Чүй облустук мектеп-гимназиясынын абалы менен таанышты 
9 сентябрь

Агартуу министри Чүй облустук мектеп-гимназиясынын абалы менен таанышты 

Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 8-сентябрда Чүй облустук мектеп-гимназиясына барып, окуу жайдын абалы жана шарттары менен жеринен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Иш сапарынын алкагында министр окуу имараттарын, спорт залын жана жер тилкесин көрүп чыгып, мектептин жалпы жамааты менен баарлашты.

Инклюзивдик билим берүү долбоору

Аталган мектеп-гимназия Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) тарабынан каржыланган, «Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу» долбооруна кирген. Бул долбоор ИӨБ, ИӨТФ, БМГӨ жана Smart-Ed платформасынын биргелешкен демилгеси болуп саналат.

Долбоордун алкагында мектептерде инфраструктуралык шарттарды жакшыртуу, инклюзивдик билим берүү үчүн атайын жабдууларды орнотуу жана окуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатталган.

Мектептин азыркы абалы

Министр окуу жайдын жалпы абалы менен таанышуу учурунда имараттын капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экенин белгилеп, окуу корпустарын оңдоо, жатакананын абалын жакшыртуу жана окуу шарттарын модернизациялоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Маалымат үчүн: Чүй облустук мектеп-гимназиясы 1962-жылы негизделген. Мектептин окуу корпусу 1962-жылы, жатаканасы 1963-жылы курулган. Жалпы 250 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө бул жайда 216 окуучу билим алууда.