Улуттук аккредитациялык кеңеш аккредитациялык агенттиктер боюнча чечимдерди кабыл алды
2025-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумда аккредитациялык агенттиктерге карата мурда колдонулган «эскертүү» чарасына негиз болгон бузууларды жоюу боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары каралды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы №246 токтому менен бекитилген «Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялык агенттиктерди таануу жана алардын ишине мониторинг жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 32-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
«Эскертүү» чарасына алып келген бузуулар толук четтетилбегендигине байланыштуу «Эл баасы» аккредитациялык агенттигине, «Билим Стандарт» Көз карандысыз аккредитациялоо агенттигине, ошондой эле Рейтингди жана сапатты аккредиттөө агенттигине бузууларды жоюу үчүн 6 айлык мөөнөт берилди.
Ал эми билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо боюнча «Сапаттуу билим» агенттиги аныкталган кемчиликтерди толук четтеткендиги үчүн анын ишмердүүлүгүн улантууга уруксат берилди.
Ошондой эле отурумда Казакстан Республикасынын Борбор Азиядагы билим берүүнү аккредитациялоо ассоциациясын (ССАЕ) аккредитациялык агенттик катары таануу жөнүндө арыз каралып, жыйынтыгында арыз четке кагылды.
