Талас шаарында китеп жарманкеси уюштурулду
28 август

Талас шаарында китеп жарманкеси уюштурулду

Талас шаарында китеп жарманкеси уюштурулду, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Иш-чара быйыл экинчи ирет өткөрүлүп, Р. Рысакова атындагы №2 мектептин аймагында өтүп жатат.

Жарманкеге негизинен колдонулбай турган китептер коюлду. Каалоочулар аларды белекке тапшырып же арзан баада сата алышат.

"Орус тилдүү мектептерде китеп көйгөйү жыл сайын болуп келгендиктен, бул жарманке ошол көйгөйдү чечүүгө да багытталууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жарманке Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган.