Айтматов районунда 225 орундуу мектеп курулууда
Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кара-Суу айылындагы 225 окуучуга ылайыкталган Айтбаев атындагы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата курулуш иштеринин 73 пайызы бүткөрүлүп, турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 948 чарчы метрди түзөт. Ал үч блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана өтмө галереясы.
Объектинин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин каражатынан башталган. Тендердик баасы — 100 миллион сом.
