ЖРТ: тааныш-билиштик фактору – суроолордун жообун алдын ала сатып алууга болобу?
Жалпы республикалык тестирлөө канчалык деңгээлде адилеттүү? Мында тааныш-билиштикке салуу же суроолордун жообун алдын ала билүүгө болобу? Бул суроого Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева жооп берди.
Айтымында, тесттин суроолору Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт. Ар бир предмет боюнча өзүнчө командалар бар жана арасында жогорку окуу жайынын окутуучулары, илимпоздор болгону менен басымдуу бөлүгү мектепте иштеген жана мектеп программасын жакшы билгендер.
“Алар бизге келип иштерден мурда атайын окуудан өткөрүлөт жана жашыруундук боюнча бардык чаралар көрүлөт. Ушул убакка чейин тест өткөрүү жаатындагыларга бир да кылмыш иши козголгон эмес. Ушунун өзү ЖРТнын адилет жана калыс өткөрүлөөрүн аныктап турат”, – деди ал.
Батракеева белгилегендей, ар кандай коррупциялык аракеттердин алдын алуу максатындагы бир катар процедуралар иштейт.
Анын биринчиси – ар бир этапта ар башка адамдардын иштегени. Мисалы, тесттин суроосун түзүүчүлөр, жоопторун иштеп чыккандар, тестти өткөргөндөр – булар бири бирине аралашпаган өзүнчө команда.
“Жашыруундукту сактоо боюнча айтсак, тест тапшырмаларынын варианттарынын жооптору жок болот. Андыктан, аны сатып алуу же сатып жиберүү мүмкүн эмес. Тест бүткөндөн кийин жооп барактарын чогултуп келебиз дагы, баарын сканерден өткөрүп, эталон дискине жаздырып, банк ячейкасына салабыз. Бул кийин күмөн саноо болсо, ал бала кандай жооп бергенин кароо үчүн керек. Дискти салгандан кийин гана түзүүчүлөр чогулуп, ар бир суроонун туура ачкычын жазып чыгышат. Ушул процедуралар аяктагандан кийин гана компьютерге кирип, катышуучуларга жообуна жараша упайлар ыйгарылат”, – деп белгиледи.
Ошондой эле Батракеева кошумчалагандай, эгерде тесттин суроолорунда кандайдыр бир катачылык кетип калса, ошол суроолорго жооп бергендердин пайдасына дагы бир упай берилет.
