Чет өлкөлүк суучулдардын XII тренинги жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды
27 август

Чет өлкөлүк суучулдардын XII тренинги жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды

Кечээ, 26-август күнү ӨКМдин борбордук аппаратында Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдөн келген суучулдардын XII тренинги жыйынтыкталды.

Расмий жыйынтыктоо иш-чарада Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Маматкулов кесипкөйлүктү чыңдаган жана достук мамилени бекемдеген эл аралык деңгээлдеги тажрыйба алмашуунун катышуучуларына ийгилик каалады. Андан соң Эделбек Маматкулов Эл аралык XII тренингдин катышуучуларына “Жеке суучул китеби” жана алган тажрыйбасына ылайык тренингден өткөндүгү тууралуу сертификаттарын ыйгарды.

Тажрыйба алмашуу окуу тренингинде суучул-куткаруучулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар борборунун адистери менен көлдүн тереңдигинде техникалык жумуштарды аткарууну үйрөнүп, 40 метр тереңдикке кирүү ыкмаларын өздөштүрүштү.

Жыйынтыктоочу иш-чарада чет өлкөдөн келген суучул-куткаруучулар кыргыз суучулдарынын кеүсипкөйлүгн жогору баалап, бул тренингдин пайдалуу жактарын айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, ЭЖКУга мүчө өлкөдөн 11 суучул куткаруучу келишти. Бул Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун суучул куткаруучуларын даярдоо тренинги 2012-жылдан бери өтүп келет.