ОшМПУда II эл аралык “Манас” педагогикалык изилдөөлөр конгресси өтүп жатат
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен биргеликте II Эл аралык “Манас” педагогикалык изилдөөлөр конгресси өтүп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.
Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика бөлүмүнүн профессору Акматали Алимбеков, тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов, белгилүү профессорлор, илим изилдөөчүлөр жана ЖОЖдордун окутуучулары, студенттери катышты. Иш чаранын ачылуу аземинде алгач коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Аны улай конгресс пленардык жыйын менен коштолду.
Пленардык отурумда п.и.д., профессор Абакир Мамытовдун “Мектептик жалпы билим берүүнүн мазмунун долборлоо: Кыргызстандагы абалы жана келечеги”, п.и.к., доцент Гапыр Мадаминовдун “Студенттердин өз алдынча таанып-билүү ишмердүүлүгүн уюштурууда АЭМди колдонуунун мааниси”, п.и.д., профессор Акматали Алимбековдун “Көркөм чыгармаларда мугалимдик кесиптин көп кырдуу өзгөчөлүктөрүнүн чагылдырылышы” жана Инабат Даминованын “Бала тарбиялоодо үй-бүлөлүк баарлашуунун ролу” деген темалардагы баяндамалары жасалды. Жыйындын соңунда бир канча суроолор талкууланып, активдүү студенттерге белектер берилди.
Отурум жагымдуу атмосферада өтүп, катышуучулар окутуп-тарбиялоодо, илим изилдөөдө мындан ары да кызматташууну бекемдөөнүн зарылдыгын баса белгилешип, иш чара ары карай секциялык иштерге бөлүнүү менен уланды. Алдыда секциялык отурумдун баяндамалары жасалып, катышуучуларга сертификаттар, уюштуруу иштерине активдүү катышкандарга ыраазычылык каттар тапшырылат.
Аталган конгресске 4 өлкөдөн (Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан) илим изилдөөчүлөр катышып, алардын докладдары офлайн жана онлайн форматта сунушталып, жалпысынан 60тан ашык макала келип түшкөн. Буга чейин аталган конгресстин онлайн форматы уюштурулуп, ал окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректору Алмаз Ибраевдин катышуусунда өткөн.
Белгилей кетсек саамалык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн анын ичинде Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөр, практикалык тажрыйбалар, проблемаларды ортого коюу, талкууулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында уюштурулду.