Ош билим берүү институтунда мамлекеттик тил жумалыгы өтүүдө
25 сентябрь

Ош билим берүү институтунда мамлекеттик тил жумалыгы өтүүдө

Ош билим берүү институтунда "Кыргыз Республикасынын мамлекттик тили жөнүндө" мыйзамынынын кабыл алындыгынын 35 жылдыгына карата 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү белгиленип, атайын жумалыктын алкагында бир топ иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, институт тарабынан мугалимдер үчүн түрдүү кароо-сынактар, көргөзмөлөр уюштурулуп, ага Ош облусунун райондорунан кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсуна келген мугалимдер жигердүү катышууда.

Анда мугалимдер мамлекеттик тилдин маанилүүлүгүн маданий иш-чаралар, түрдүү долбоорлор, санарип технологиялар менен жайылтуунун түрдүү ыкчамаларын көрсөтүшүүдө.

Жумалыктын жыйынтыгында курс угуучуларынын арасында өткөн сынактарда алдыңкы орунду ээлегендер институттун грамоталары менен сыйланмакчы.