Кыргызстан боюнча 300 балдарды эрте өнүктүрүү борбору иштеп жатат
3 декабрь

Кыргызстан боюнча 300 балдарды эрте өнүктүрүү борбору иштеп жатат

Кыргызстан боюнча китепканалардын алдында 300 эрте өнүктүрүү борбору иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. 

Эрте өнүктүрүү борборлору - билимге, маданиятка жана чыгармачылыкка ачылган терезе.

Алар балдардын жашоосуна оң таасирин тийгизүү менен келечек муундун өсүшүнө салым кошот. Бул борборлордун негизги ишмердүүлүгү билим берүү программаларын, социалдык жөндөмдөрдү, чыгармачылыкты өнүктүрүү, ата-энелер үчүн колдоо, китепкана ресурстарын пайдалануу, балдардын камтылышын көбөйтүү багыттарын камтыйт.

Балдарды эрте өнүктүрүү борборлору ата-энелер менен балдардын сүйүктүү жайына айланды. Балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүлүп, оюндар, кол өнөрчүлүк жана башка иш-чаралар аркылуу чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүп жатышат.

Алар облус, шаарда эле эмес, айылдарда да жемиштүү иштөөдө. Айрым борборлордун ишмердүүлүгү сүрөттөр менен чагылдырылат.