Себаттын 3 мектеби Агартуу министрлигине өттү
26 август

Себаттын 3 мектеби Агартуу министрлигине өттү

Кыргызстандагы Себат жеке менчик мектептеринин үчөөсү Агартуу министрлигинин карамагына өтөт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. 

Айтымында, учурда 3 мектепти министрликтин карамагына өткөрүү процесси жүрүүдө. 

“Бирок мектептерде билим берүү процесси токтотулбайт. Бир мектепте гана юридикалык айрым тастыктоо иштери жүрүп жатат, калгандары билим берүүнү уланта берет”, – деди ал.