Окуучулардын республикалык олимпиадасынын облустук баскычы башталды
Бүгүн, 27-февралда, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын облустук этабы өтүп жатат.
Агартуу министрлигинен кабарлашкандай, облустук этапка райондук баскычта 1-2-орунду ээлеген 1606 окуучу катышууда.
Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өтүүдө:
- англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;
- окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;
- окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.
