
КР Жогорку сотунда Пленум болуп өттү
Нурлан Мусаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 17-октябрда КР Жогорку сотунда Пленум болуп өттү.
Пленумдун ишине Жогорку соттун жана жергиликтүү сотторунун судьялары, Башкы прокурорунун, Юстиция жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү катышты.
Күн тартибинде катышуучулар алты маселени карашты:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун «Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар жөнүндө иштер боюнча соттук практика тууралуу» токтомунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун «Курчап турган чөйрөнү коргоого байланыштуу жарандык иштерди соттор кароодо мыйзамдарды колдонуунун айрым маселелери жөнүндө» токтомунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 28-февралындагы №4 “Соттук чечим жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2019-жылдын 24-майындагы №13 «Соттук өкүм жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту демилгелеген мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө” токтомунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2022-жылдын 25-февралындагы №8 “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору.
Жогорудагы токтом долбоорлору бир добуштан кабыл алынды.