Лейлекте IT академиясынын филиалы ачылды
2 декабрь

Лейлекте IT академиясынын филиалы ачылды

Баткен облусуна караштуу Лейлекте IT академиясынын филиалы ачылып, “Лейлекте жашап, бүткүл дүйнө менен иште!” аттуу маалыматтык технологиялар форуму өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Академия депутат Миргүл Темирбаеванын демилгеси менен ачылган. 

Форумда сөз сүйлөгөн депутат эң алыскы райондо ачылып жаткан мекеме өзгөчө аялдар үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин баса белгилеп, жаш-кары дебей баарыны билим алууга үндөдү. Ал эми Жогорку технологиялар паркынын директору Азиз Абакиров демилге көтөрүп, Лейлек районунда филиалдын ачылышына жардамчы болгон депутатка ыраазычылыгын билдирди.

Мындан сырткары, форумда көптөгөн маалыматтык баяндамалар жасалып, сунуш-пикир, идеалар талкууланды.

Эске салсак, "Баткен облусунда аялдар жана кыздар үчүн маалыматтык коммуникациялык технологиялар тармагында билим алуу мүмкүнчүлүгү" долбоорунун алкагында 200 кыз-келиндер бекер билим алышат.

Долбоорго Германиянын кызматташтык (GIZ) уюму демөөрчүлүк кылып жаңыдан ачылган IT Академиясынын филиалына 25 ноутбук белек кылды.