
Садыр Жапаров: Билим берүүнүн бюджети 65 миллиард сомго көтөрүлдү. Фоторепортаж
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында билим берүү системасынын мугалимдерин жана кызматкерлерин Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгы менен куттуктады.
Салтанаттуу иш-чара өлкөнүн билим берүү тутумунун жүз жылдык тарыхына арналган пролог менен башталды.
Президенттин куттуктоосунда негизги нерсе:
Мындан сырткары, мынакей, мугалимдерди колдоо максатында алардын маяналары орточо эмгек акыга теңдештирилди. Мунун натыйжасында мугалимдердин жетишсиздигин 3,5 эсеге кыскартууга жетиштик. Өлкө келечеги болгон балдарыбыздын татыктуу билим алышына шарт түзүү максатында класстардын жетишсиздигин чечүү үчүн мектептер салынууда. Китеп жетишсиздиги жоюлууда.
Ошентип 2020-жылы билим берүүгө бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин көлөмү 36 миллиард сомдон, мынакей быйыл, 65 миллиард сомго чейин көтөрүлдү.
Эми мына ушул мугалимдерибиз үчүн ноутбук сатып алууга биринчи жолу 678 миллион сом бөлүнүп олтурат. Ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздоону көздөп жатабыз.
Мындан сырткары, “Алтын казык” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында мектептерде билим берүү системасын 12 жылдык форматка которуу боюнча бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынганын жакшы билесиздер. Кабыл алынган чечимдердин аткарылышына мугалимдердин колдоосу абдан маанилүү.