Бишкектеги мектептерде баңгизаттын адамдын организмине зыяны тууралуу лекциялар өтүүдө
23 сентябрь

Бишкектеги мектептерде баңгизаттын адамдын организмине зыяны тууралуу лекциялар өтүүдө

Бишкектеги мектептерде баңгизаттын адамдын организмине зыяны тууралуу лекциялар өтүүдө, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Алсак, “Салам мектеп” алдын алуу иш-чаралардын алкагында Биринчи май муниципалдык администациясы  БМЖККК кызматкерлери менен биргеликте  Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия – интернаттын 10-11-классынын окуучулары үчүн “Баңгизаттын адамдын организмине зыяны” жана “Жаштар арасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү жоопкерчилик” темаларында лекция өткөрүлдү.

Милициянын майору Акылбек Джорбаев окуучуларга баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулардын түшүнүгү жана баңги кылмыштарына аралашууну алдын алуу чаралары тууралуу айтып берди.

Иш-чаралардын максаты окуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана жаштар арасында баңгичиликтин жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.