Агартуу министри акын, жазуучу Меңди Мамазаирова менен жолугушту
Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 4-сентябрда залкар акын Жолон Мамытовдун жубайы, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Меңди Мамазаирова менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуу маалында балдарда кенже курактан тартып кыргыз тилин калыптандыруу, окуучулардын китеп окуу маданиятын өстүрүү маселесин талкуулашты.
Ошондой эле мектептерде кыргыз тили жана кыргыз адабияты предметтерин окутууда кыргыз акын-жазуучуларынын көркөм чыгармаларын кеңири камтуу тууралуу сөз болду.
