Баткенде Кыргыз тилин Санариптик окутуу платформасы тааныштырылууда
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская баш болгон кызматкерлер, Баткен облусунда мамлекеттик кызматкерлерге жана мугалимдерге, жаңыдан ишке киргизилген Кыргыз тилин Санариптик окутуу платформасы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Анда платформанын максаты, колдонуу жолдору жана өз алдынча сабак өтүү мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
Платформанын максаты;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин үйрөнүүсүнө жардам берүү, аларды «Кыргызтестке» даярдоо.
- Баткен облусунун мамлекеттик кызматкерлерин платформаны активдүү колдонууга үндөө
- Платформаны өркүндөтүү боюнча катышуучулардын сунуштарын чогултуу.
