Баткен районунда чек арадагы мектептерге видеокамералар орнотулууда
Балдардын коопсуздугун камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында Баткен районундагы чек арага жакын жайгашкан мектептерге видеокамералар орнотулууда. Бул иш-чара жергиликтүү милициянын демилгеси менен мамлекет тарабынан колдоо тапты.
2025-жылдын ноябрь айынан тарта Баткен районунун Самаркандек айыл аймагындагы төмөнкү билим берүү мекемелерине видеобайкоо камералары орнотулду:
1. Рават орто мектеби
2. Тургунбай Садыков орто мектеби
3. Мурат Салихов орто мектеби
4. Орто-Сай башталгыч мектеби
5. Алыкул Осмонов орто мектеби
Жалпысынан 10 видеокамера, анын ичинен 5 чоң жана 5 кичине камера орнотулду. Мындан сырткары, ушундай камералар жакынкы күндөрү бала бакчаларга да коюла баштайт.
Бул иш-чаралардын негизги максаты окуучулардын коопсуздугун арттыруу, мүмкүн болгон укук бузууларды алдын алуу жана коомдук тартипти көзөмөлдөө.
