Жалал-Абадда РИКти жандандыруу боюнча облустук семинар өттү
29-июль күнү Жалал-Абад облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) демилгеси менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча окуу-семинар өткөрүлдү.
Семинар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага район/шаар башчылары, инвестиция жана МЖӨ боюнча адистер, ишкерлер катышты. Чаткал, Тогуз-Торо, Токтогул райондору жана Кара-Көл шаары видеобайланыш аркылуу кошулду.
Катышуучуларга МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгуу жолдору, РИКтин ролу жана аймактык “Инвестициялык карта” тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, РИК катчылыгы менен туруктуу байланышта болуу жана жергиликтүү демилгелерди колдоо боюнча сунуштар айтылды.
Текебаев РИК 17-июлдан тартып кайра түзүлүп, активдүү ишин баштаганын белгилеп, ар бир аймактан МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгуу жана карта түзүү боюнча жооптуу адистерди дайындоону тапшырды.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана МЖӨнү жеринде өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.
РИКтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы, БУУӨП жана Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы МЖӨ борборунун үч тараптуу келишиминин алкагында ишке ашырылууда.
