Окуучулар арасындагы буллинг: эң керектүү психолог адистери мектептерде дээрлик жок
16 сентябрь

Окуучулар арасындагы буллинг: эң керектүү психолог адистери мектептерде дээрлик жок

Депутат Жылдыз Садырбаева конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттин жыйынында Акыйкатчы Жылдыз Жаманбаевадан мектептердеги рэкетчилик жана буллинг кантип чечилип жатканын сурады. 

“Акыркы жылдары мектеп рэкетчилиги жана буллинг абдан курчуп баратат. Бул КР Конституциясындагы балдардын билим алуусуна, татыктуу өнүгүүсүнө болгон укукту бузуп жатат. Ачык маалыматтарга караганда, Бишкекте 47 буллинг, кибер буллинг жана мектеп рэкетчилиги катталыптыр. Ленин районунда – 13, Биринчи май районунда – 18, Октябрь районунда – 7 жана Свердлов районунда 9 учур. Белгилүү болгондой, буллингге кабылган окуучулар ал тууралуу ачык айтпайт. 2024-жылдын аягында Жашы жете электер менен иштөө инспекциясында каттоого 3600 окуучу турган. Мындай фактылар боюнча Акыйкатчылык кандай иштерди алып барууда?” – деди депутат. 

Жаманбаеванын айтымында, мектептердеги терс көрүнүштөр боюнча алгач изилдөө жасалып, андан соң мониторинг өткөрүлөт. Буллинг маселеси боюнча Акыйкатчылыкка кайрылгандар да болот. Мисалы, жарым жыл мурда төрт ата-эне ушул маселе боюнча кайрылып, алардын айтканы тастыкталган. 

“Биз көбүнчө окуучулар арасында жашыруун анкета өткөрөбүз, ошол жактан буллинг бардыгын билдиришет. Маалыматтарды тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтөбүз. Жөнөтүлгөн маалыматтарды ошол бойдон калтырбай, анын чечилип, ишке ашуусу үчүн күрөшөбүз. Бул жааттан биз мамлекеттик органдарга курч маселелерди чечүүгө жардам берип да жатабыз”, – деди . 

Акыйкатчы белгилегендей, буллингди жоюуда биринчи кезекте психологдун орду чоң. Анткени ошол адис гана баланы ача алат. Бирок тилекке каршы, мектептерде психологдор жокко эсе. Ошондой эле, ата-энелер менен иштөө биринчи орунда турат.