Кудайберген Базарбаев: 1200 жергиликтүү кеңештин депутаты атайын окуудан өтөт
13 декабрь

Кудайберген Базарбаев: 1200 жергиликтүү кеңештин депутаты атайын окуудан өтөт

Бүгүн 12-декабрда Түп жана Ак-Суу райондорунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жооптуу катчылары үчүн атайын окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чараны Кыргыз Республикаснынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич ачып берди. Ошондой эле Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Адиев Каныбек Маматбекович катышты.

Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында, 452 айыл өкмөт бирикирилип 231 айыл өкмөт калды. Ал эми шаарлар 32ден 33 болуп өзөрдү. Ушул себептен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын саны дагы 9062 ден 6384 болуп азайган, анын ичинде 2538 аял депутат же жалпы мандаттардын 39,75 пайызы аялдарга берилди..

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин Жарлыгы менен жергиликтүү кеңештердин депутаттары мөөнөтүнөн мурда таркатылып, жаңы шайлоо 17-ноябрда өткөрүлгөн. Учурда төрага жана төраганын орун басарлары шайланып, ар бир тармак боюнча туруктуу коммиссиялардын курамдары бекитилип бүткөндүгүнө байланыштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги жалпы Республика боюнча 29 окуу - семинарларды уюштурууда. Жалпысынан 1200 жаңы шайланып келеген депуттарды төмөнкү темаларда окутуп жатат"⬇️.

1-башкаруу органдарынын системасы;

2-жергиликтүү кеңештердин укуктары;

3- жергиликтүү кеңештердин түзүмдөрү;

4-финансылык экономикалык негиздери;

5-депутаттардын статусу, көзөмөл, этика жана 2025-жылга пландоо.

Маалымат иретинде айта кетсек;

Агенттик мамлекеттик тапшырыктын негизинде, эгемен тарыхыбызда биринчи жолу баардык мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилерди квалификацияларын жогорулатуу максатында министр, министрдин орун басарларын, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, алардын орун басарларын, 40 райондун акимдерин алардын 80 орун басарын жана 33 шаардын мэрлерин жана 66 вице мэрлерин окутту.