Баткенде сел сууларынын жээгине курулган 100дөй объект сүрдүрүлдү
25 ноябрь

Баткенде сел сууларынын жээгине курулган 100дөй объект сүрдүрүлдү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилигинде сел сууларынын нугуна жана жээгине мыйзамсыз курулган курулуштарды жөнгө салуу жана иретке келтирүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берилди.

Ага ылайык, бүгүнкү күнгө Баткен облусунда сел сууларынын жээгине курулган 166 объект аныкталган. Бул объектилер сел ташкындары учурунда аймактагы жашоочулардын өмүрүнө кооптуу болгон үчүн, сүрдүрүү иштери жүрүүдө.

Учурда 99 объект сүрдүрүлгөн. Калган объекттерди да жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө.

Ошондой эле сел кетүүчү сайларга жакын жашаган тургундарга, мыйзамсыз курулуштарды курбоо жана бак дарактарды отургузбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагындагы сел кетүүчү сайлардын нугуна жана жээгине мыйзамсыз курулган курулуштарды аныктоо жана жөнгө салуу максатында КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругу чыгып, жумушчу комиссиясы түзүлүп, өз жумушун аткарууда.