ӨКМ: Кыргызстандагы айрым ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
КР ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 25-26-ноябрь күндөрү шамалдын күчөшүнө байланыштуу Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу мүмкүн.
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Каракол – Эңилчек жолуна чыгуудан, жайыттарга мал жаюудан алыс болуңуз.
Унаада күрөк, дары-дармек кутучасы, ысык суу ала жүрүүнү унутпаңыз!
