Медиация боюнча мыйзам: ал медиа же медицина эмес – ал туугандар арасындагы чырды сотко жеткирбей чечип берчү процедура
24 ноябрь

Медиация боюнча мыйзам: ал медиа же медицина эмес – ал туугандар арасындагы чырды сотко жеткирбей чечип берчү процедура

Президент Садыр Жапаров 14-ноябрда медиация боюнча мыйзамга кол койду. Эми бул мыйзам 3-декабрдан тартып ишке ашырыла баштайт. Медиация деген эмне? Көпчүлүк бул сөздү медицина, медиа чөйрө, алтурмак медитация менен алмаштыраары бышык. КР Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде бул мыйзам боюнча түшүндүрмө берди.

Айтымында, медиация сөзү кыргыз элине жаңылык болгону менен, анын маңызы тааныш. Ал – данакер, арачы, ортомчу, ортого түшүү дегенди билдирет. Башкача айтканда, чыр-чатактарды сотко жеткирбей, тараптардын маселесине чекит коюп, алтын ортолукту таап берчү тарап.

“Медиация мыйзамы Кыргызстанда 2017-жылы кабыл алынган. 2018-жылы ишке кирген. Бирок расмий эмес орган болгондуктан, ишмердүүлүгүн коомдук институт катары алып баргандыктан, бир күткөн жыйынтыкка жетише алышкан жок. Дүйнөлүк тажрыйбаны карасак, медиациянын механизмдерин атайын расмий орган жүзөгө ашырат. Ошондуктан бизде дагы аны расмийлештирүү багытында жаңы мыйзам иштелип чыкты”, – деди ал.

Ал белгилегендей, акыркы учурда коомдо туугандар арасында: энеси менен кызынын, атасы менен баласынын, бир туугандардын чыр-чатагы күчөгөн окуялар көбүрөөк кездешүүдө. Алардын чыр-чатакты мыйзамдуу чечүүдө бир гана жолу бар: сотко кайрылуу. Сот процесстери көп убакытка созулуп, бул аралыкта туугандар бири бири менен бет карашпай, мамилесинде жарака күчөгөндөн күчөйт. Узак убакыт соттошуу адамдардын ден соолугуна да зыянын тийгизет. Мындай көрүнүштөрдү болтурбоонун бир жолу – бул медиация.

“Кыргыздар эзелтен эле бул практиканы колдонуп келишкен. Кандайдыр бир чыр-чатак чыкса, ошол уруунун же айылдын даанышман аксакалына кайрылышып, ал калыс пикирин айткан. Туугандар араздашып калганда, мүлктүк же мүлктүк эмес талашуулар орун алганда медиация тараптарды ийкемдүү макулдашууга алып келет”, – деди Сыдыков.

Айтымында, 3-декабрдан кийин медиаторлордун курултайы болот жана бирдиктүү медиатр палатасын түзүп, жол-жобосун, этикасын карашат. Андан ары ишмердүүлүгүн улантышат.