Чүй облусунда 38 кутуча бангизат менен закладчик кармалды
КР ИИМдин Бангизатты мыйзамсыз айлантууга каршы кызматынын кызматкерлери 22 жаштагы жигитти бангизат сатууга шектүү катары кармашты.
8-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чүй каналынын жанына жакын жерден закладчик кармалды. Тергөө учурунда 22 жаштагы Ж.А.Т.дан жалпы салмагы 175 грамм болгон 38 кутуча марихуана табылып алынды.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери улантылып жатат.
